• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көк бөрү мелдешинде ЖК депутаттарынын командасы жеңишке жетишти

Спорт 0

Бишкек, 23.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда «Ак-Кула» ат майданында (Бишкек шаары) Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган Жаштар иштери дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, КРнын көк бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурган көк бөрү оюну боюнча достук мелдеши болуп өттү.

Мелдешке 4 команда катышты: Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Мамагенттиктин жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары.

Иш-чаранын ачылышында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал иш-чаранын катышуучуларын ЖКнын атынан жана жеке өзүнүн атынан Ата мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бекем ден-соолук жана ийгиликтерди каалап өттү.

«Көк бөрү оюну – бул ата-бабаларыбыз мурас катары калтырып кеткен кыргыздын улуттук оюну. Бүгүнкү азаматтардын оюну көк бөрүнү даңазалап, кийинки муундарга пропаганда кылып, аны сактап калуунун эң мыкты жолу». Ал баардык командаларга ийгилик каалап, мелдештин көрүүчүлөрүнө жана уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Өкмөттүн жана премьер-министрдин атынан вице-премьер министр Замирбек Аскаров аталган майрам менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Москвадагы мекендештерибиз дагы бүгүнкү мелдешти колдоп көк бөрү ойноону пландап жатат. «Кыргыз жигити качан жана кайда болбосун ээрге бекем отуруп келген. Элибиз өркүндөсүн, өлкөбүздө тынчтык жана ийгилик өкүм сүрсүн», – деди Замирбек Аскаров.

Оюн Өкмөттүн жана Мамагенттиктин командасы менен башталды. Командалар 3 бөлүктөн 15 мүнөттүк оюн көрсөтүшүп, 5 мүнөт тыныгуу менен коштолду.

Биринчи жана экинчи бөлүктө Мамагенттик алдыга чыгып, биринчи бөлүктө 2:3, экинчи бөлүктө 1:2 эсеби менен оюн көрсөтүштү. Өкмөттүн өкүлдөрү үчүнчү бөлүктө каршылашынын тайказанына 3 улак ыргытууга жетишти. Жалпы жыйынтык 6:5 эсеби менен Өкмөттүн пайдасына чечилди.

Экинчи болуп оюн талаасына Жогорку Кеңеш менен ЖМК командалары чыгышты. Алар кызыктуу оюн көрсөтүшүп, 3 бөлүктө тең бири-бирине утулбай 0:0 эсеби менен чыгышты. Кошумча 10 мүнөттүк убакытта Жогорку Кеңештин командасы 1:0 эсеби менен алдыга чыкты.

Үчүнчү орун үчүн Мамагенттик менен ЖМК командалары беттешип, жыйынтыгында 4:2 эсеби менен Мамагенттиктин пайдасына чечилди.

Финалдык бөлүктө ЖКнын командасы 2:0 эсебинде Өкмөттү жеңип, мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Баардык командалар ээлеген орундарына жараша диплом, кубоктор жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Командалардын курамы:

Жогорку Кеңештин командасы

Дастанбек Джумабеков
Мирлан Бакиров
Нурбек Алымбеков
Талант Мамытов
Айбек Алтынбеков
Нурбек Тотонов
Канатбек Исаев
Бактыбек Райымкулов
Өмүрбек Бакиров
Урматбек Самаев
Курманкул Зулушев
Тазабек Икрамов

Өкмөттүн командасы:

Алтынбек Исеналиев
Дармен Акназов
Курсан Асанов
Мырза Джаманбаев
Давланбек Алимбеков
Нурбек Сыдыгалиев
Кубатбек Усонов
Искен Кадыркулов
Максатбек ажы Токтомушев
Замирбек Аскаров
Бобуржан Мамытов
Улукбек Календеров
Улукбек Марипов
Нургазы Абдрырасулов

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин командасы:

Жыргалбек Саматов
Акыл Жумабаев
Талас Бегалиев
Токтобек Кармышаков
Бакытбек Оморов
Нияз Курманкулов
Кубаныч Изабаев
Нурлан Турдубаев
Курмантай Айтбаев
Тилек Урманбетов
Алмаз Паррубаев
Мыктыбек Турашов

ММК өкүлдөрүнүн командасы:

Тынчтык Алтымышев
Анарбек Абазбеков
Каныбек уулу Ардак
Самат Жумакадыров
Стал Абдыжалил
Тариел Акназаров
Жапар уулу Орозаалы
Зулпукар Сапанов
Сыргак Бактияров
Азамат уулу Кылышбек
Бегалы Токтогулов
Максатберди уулу Кайрат.

Пикир

Оставить комментарий