• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Көк-Бөрү” тасмасы үчүн актерлорго кастинг жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 19.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда Руслан Акундун жаңы долбоору “Көк-Бөрү” аталыштагы тасмасы үчүн актерлорго кастинг жарыяланды. Бул тууралуу кыргыз киносунун расмий сайтында маалымдалат.

“Салам Нью-Йорк” жана “Апамды издейм” тасмаларынын жаратуучулары “Көк-Бөрү” тасмасы үчүн кыздар жана балдар, жаш курагы ар түрдүү кичинекей балдар арасында, ошондой эле 26дан 70 жашка чейинки эркектер жана аялдар арасында кастинг жарыялайт.

"Сүрөт жана байланыш маалыматтарды casting.kgz@gmail.com почтасына жөнөткүлө. Тасма Ысык-Көлдө тартылат",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий