• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеңиш күнүнө карата көк бөрү мелдеши: "Ынтымак" финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 07.05.09. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште "Ынтымак" командасы финалга чыкты. Мелдеш Жеңиш күнүнө карата уюштурулуп жаткан ат оюндарынын алкагында өтүүдө.

Алар бүгүн "Сары-Өзөн Рассвет" командасы менен ойноп, 8:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Эми "Ынтымак" командасы "Достук" - "Сары-Өзөн" оюнунда уткан команда менен финалда күч сынашат. Ал эми анда утулган команда "Сары-Өзөн Рассвет" менен үчүнчү орун үчүн ойношот.

Аталган командалар көк бөрүнүн Жогорку лигасында ойношот.

Пикир

Оставить комментарий