• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көк бөрү: Жекшемби күнү Жогорку лиганын улакчылары күйөрмандар менен жолугушат

Спорт 0

Бишкек, 12.04.19./Кабар/. Көк бөрү оюнунун Жогорку лигасындагы командалар 14-апрель күнү күйөрмандар менен жолугушат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жолугушу "Дордой Плаза" соода борборунда өтүп, саат 14:00 башталат. Ага алты команда - Ынтымак, Достук, Бакубат Талас, Көк-Жал, Сары-Өзөн, Сары-Өзөн - Рассвет командалары келет.

Көк бөрүчүлөр күйөрмандарынын жана журналисттердин суроолоруна жооп беришет. Ошондой эле, ал жерде суроо-жооп оюну өткөрүлүп, белектер ойнотулат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара көк бөрүнү, улуттук оюндарды жайылтуу максатында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий