• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көк-Бел ашуусунда тазалоо иштери түнкү үчтөн баштап жүргүзүлүүдө – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы Көк-Бел ашуусунда жолду тазалоо жана кум себүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов билдирди.

Эскерте кетсек, агенттикке окурмандар кайрылып, Көк-Бел ашуусундагы тайгактан жүзгө жакын жүк ташуучу унаалар өтө албай тыгында турушкандыгын билдиришкен. Алар ашууда бир дагы милиция же жол кызматкери жок экендигин жана жолго кум, туз себилбегендигин айтышкан.

Досумбетовдун айтымында, жол тазаланбай, кум себилген эмес деген маалыматтар чындыкка жатпайт. №3 Жолду оңдоп-түзөө жана колдонуу башкармалыгынын кызматкерлери түнкү саат үчтөн баштап иш алып барышууда. Жеринде атайын техника да иштеп жатат.

“Видеодон деле жолго туз себилгендигин көрсө болот. Биз жылына кыш-күз мезгилине камданып жатып, жолдорго себилүүчү туз, таш аралашкан кумду даярдайбыз”, - дейт Досумбетов.

Эмнеге анда жолдо тыгын пайда болду деген суроого Досумбетов кээде айдоочулар унааларына кышкы дөңгөлөктөрдү жана музда тайбай турган чынжырларды такпагандыктан болушу мүмкүн деп жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий