• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көкөмерен суусуна чөгүп кеткен адамды 25 куткаруучу издеп жатат – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Нарын облусундагы Жумгал районунун Арал айылындагы Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы киши чөгүп кетти, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-июлда болгон.

Издөө иштерине жалпысынан 25 куткаруучу тартылган, азырынча натыйжа жок. ӨКМден кошумчалашкандай, учурда сууга чөккөн жаранды издөө иштери активдүү түрдө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий