• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көкөмерен суусуна кулаган унаада өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болгон

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Көкөмерен суусуна кулаган унаада өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаада чиновник, жубайы, небереси, уулу жана айдоочу болгон.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Көкөмерен суусунда, жоголуп кеткен үй-бүлөнү издөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Агенттикке үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири билдиргендей, "Ниссан Террано" унаасында 4 киши жана 1 бала болгон. Алар Суусамырга бара жатып жоголуп кеткен.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө. Суудан унаанын бөлүктөрү табыла баштаган.

Туугандары аларды издөө иштерине жардамдашууга чакырат. Байланыш – 0555 48 48 83 (Индира – Молдакун Абдылдаевдин кызы).

Пикир

Оставить комментарий