• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көкөмеренге түшүп кеткен үй-бүлө мүчөлөрүн издөөгө 100дөн ашык куткаруучу тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Көкөмеренге түшүп кеткен үй-бүлө мүчөлөрүн издөөгө 100дөн ашуун куткаруучу тартылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июлда Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унаанын ичиндеги айдоочусу менен Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдун сөөгү табылган. Ал эми калган үй-бүлө мүчөлөрүн издөөгө жалпысынан 110 куткаруучу тартылган. Учурда активдүү түрдө издөө иштери уланууда.

ӨКМ башчысы Мирзахмедовдун тапшырмасынын негизинде жеринде координациялоо иштерин жүргүзүү үчүн министрдин орун басары Калыс Ахматов жөнөп кеткендиги кабарланды.

Белгилей кетсек, 30-июнь күнү болжол менен саат 10:00дө Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган. Ал унаада Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен болгону айтылган. Унаада беш адам - 4 киши жана 1 бала болгон.

Пикир

Оставить комментарий