• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ачылышына салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ачылышына салым кошкондор сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсү өткөн жылдын аягында кайрадан ачылган. Милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземине ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаевдер катышып, салым кошкон жергиликтүү жарандарга сыйлыктар тапшырыларын убада кылышкан.

Анын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын мэри Баяман Замирбеков, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы Заирбек Байдавлетов, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты, милиция бөлүмчөсүнүн ачылышынын негизги демилгечилеринин бири, ички иштер органдарынын ардагери Кадыржан Усенов ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдары менен сыйланышты. Ошондой эле Көк-Жаңгак шаарынын “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Исмаил Абдрасуловго, “Искусство” мектебинин директору Арстан Кунанбаевге, “Шар-Булак” ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Киезбаевге Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Төлөнбай Бекенов сыйлыктарды тапшырып жатып, милицияга колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде сыйлык алгандар ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазы экендиктерин айтышып, Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнө өздөрү көрсөткөн кызматкерди жетекчи кылып дайындап бергенин баса белгилеп өтүштү.

Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп оперативдик кызматтарда эмгектенип келген милициянын подполковниги Рахим Каримов дайындалган. 13 миңден ашуун калк жашаган шаар аймагын азыркы учурда штат боюнча 7 кызматкер тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий