• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көк-Жаңгак шаарындагы батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 20-январь күнү саат 10:55те куткаруучулар Көк-Жаңгак шаарынын Рыскулов көчөсүндө жайгашкан №43 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1938-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий