• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Көк-Жаңгактагы Медициналык тейлөө борборунун капиталдык оңдоо иштери 80%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу Медициналык тейлөө борборунун капиталдык оңдоо иштери 80%га аяктады. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө демонтаждоо жана жасалгалоо жумуштары 100%га, 2-3 -кабаттагы терезелерди орнотуу иштери аяктады. Ошондой эле электр монтаж иштери - 80%, сантехника иштери - 70% жана полдоруна линолеум төшөө иштери - 55% аткарылган.

Объектиде 16 жумушчу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, подрядчы уюмдун эсебине 2 млн сом которулган, анын ичинен республикалык бюджеттен 5 млн сом, ал эми Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан 1,5 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий