• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Көк-Жар" конушу канализацияга туташтырылат. Бишкек мэриясы тендер жарыялады

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар жаңы конушуна канализация тармагын курууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылга карата курулуш долбоорлорунун титулдук тизмесине ылайык, "Магистралдык канализация тармактарын курууга капиталдык салымдар" беренеси боюнча, "Көк-Жар" жаңы конушунун №20 кварталына канализация тутумун тартуу пландаштырылууда.

Курулуш иштеринин сметалык баасы 18 млн 353 миң 990 сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 5,4 миллион сом каралган, калган каражат 2022-жылы бөлүнөт.

Тендер жөнүндө толук маалымат жана техникалык тапшырма бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий