• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Көк-Жар" конушунда Азербайжан өлкөсүнүн каражатына мектептин курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Бишкектеги "Көк-Жар" конушунун Молдокулов көчөсүндө жаңы мектептин курулуш иштери башталды.

Мектептин пайдубалына капсула салуу үчүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев оглы Худуш, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Данияр Иманалиев, вице-мэр Уланбек Азыгалиев, аксакалдар жана шаар тургундары келишти.

Мектепти куруу демилгеси Кыргызстан менен Азербайжандын өлкө башчыларына таандык.

Жаңы салынып жаткан мектептин аянты 2031 чарчы метрди түзүп, 550 окуучуга ылайыкташылган.

Мектептин курулушу Азербайжандын каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий