• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкүл Абдрахманов Баткендеги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Ашир Рахматов жана Садык Буркановдордон кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкүл согуш ардагерлерин 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, “Сиздердин мекен алдындагы баа жеткис эрдигиңиздер үчүн таазим этебиз! Сиздер эң жогорку урмат-сыйга татыктуусуздар. Биздин жаркын келечек үчүн өз өмүрүңүздөрдү аябай, согуш отун кечтиңиздер. Ошондуктан согуш ардагерлерине болгон сый-урматыбыз чексиз. Сиздердин арабызда болушуңуздар бизге дем жана күч берет" деп аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады.

Ашир Рахматов менен Буркан Садыков аксакалдар, Улуу Ата Мекендик согушка, согуштан кийинки СССРди калыбына келтирүү жумуштарына активдүү катышып, өмүр бою Ашир ата билим берүү тармагында, Буркан ата колхоз-совхоздордо эмгектенген.

Өкүл бул күнү облустун аймагындагы бардык Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына резервдик фондунан акчалай жана азык-түлүк иретинде жардамын берди.

Учурда облуста 13 согуштун ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий