• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көңүл буруңуздар! Бишкекте эки окуучу кыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 10.11.17. /Кабар/. Бишкекте эки окуучу жоголду,-деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 9-ноябрында 2004 жылы туулган Тургуналиева Сезим Мыктыбековна болжол менен саат 11:00дө үйүнөн (Панфилов-Бөкөнбаев) кеткен боюнча кайтып келген эмес. Жашаган жери бишкек шаары, Оренбург тар көчөсү (Горький-Панфилов району).

Өзгөчө белгилери: Бою 155-158см, чачы узун, күрөң түстө, үстүндө кара пальто, жана кара юбка, көк түстөгү сумкасы болгон.

Ошол эле күнү саат 11:00дө үйүнөн №28 мектепке кеттим деп 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Жашаган жери Аламедин району Кырман 44ГА 308 тил жаңы конушу.

Белгилери: бою 155-160 см, чачы күрөң түстө орточо узундукта, кара түстөгү юбка, кара-көк түстөгү куртка кийип чыккан.

ИИМден кабарлашкандай, кыздар бир класска окушат жана курбулар. Маалым болгондой, 9-ноябрда кыздар мектепке келишкен эмес, күбөлөрдүн айтымына караганда алар күндүзгү саат 14:45 чамасында Горький-Б.Баатыр дарегинде жайгашкан VEFА-борборундагы кино театрга келишкен.

Кыздар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу чалып, кабарлап койсоңуздар болот:

Сезимдин жакындары: 0704900580 (атасы Мыктыбек), 0709 681 019 (эжеси Мээрим).

Азизанын атасы: 0772 669 424.

Биринчи май райондук ИИБнын нөөмөт бөлүмү: 0312 56 60 43 же 102

Пикир

Оставить комментарий