• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгы старт алды

Маданият 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгынын расмий ачылышы жана Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналып даярдалган көргөзмөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Күлүйпа Кондучалованын кызы Ирина Оролбаева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев, китепкана директору Жылдыз Бакашова жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жуманын расмий ачылышында Күлүйпа Кондучалованын кыргыз маданиятынын өнүгүп -өсүшүнө кошкон салымы тууралуу айтылып, легендарлуу маданият министринин басып өткөн жолуна токтолушту.

Эске салсак, Маданият министрлиги тарабынан демилгеленген "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгы 15 -июнга чейин уланат. Анда мамлекеттик жана коомдук ишмердин маданият тармагына жасап кеткен иштери тармактарга бөлүнүп, ар бир күн өзүнчө темага арналып, алар социалдык медиа жана массалык маалымат каражаттары аркылуу берилип турат.

Пикир

Оставить комментарий