• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгы жарыяланат – Маданият министрлиги

Маданият 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата “Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгы жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу мурдагы маданият министри, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлүйпа Кондучалованын туулганына 2020-жылдын 15-июнунда 100 жыл толот.

«Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин мааракеси КР өкмөтүнүн мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүчү мааракелердин тизмесине кирген. Мааракелик чоң салтанат ушул жылдын күз айларында жалпы коомчулуктун катышуусунда белгиленүүсү күтүлүүдө. Ал эми залкар инсандын туулган күнүн утурлай Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгын жарыялады. Жумалык өлкөдөгү өзгөчө абалга ылайык онлайн форматта өтөт.

Жумалыктын алкагында Күлүйпа Кондучалованын кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө жана калыптанышына кошкон салымдарын чагылдырган атайын түз эфирлер, онлайн-көргөзмөлөр, маданий иш- чаралар уюштурулат.

Жумалыктын расмий ачылышы жана китеп көргөзмө бүгүн, 8- июнь күнү саат 15:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий