• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкүл Мирзахмедов Сузак районунун 100 жаштагы тургунунан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Жаңы-Ачы айылынын 100 жаштагы тургуну Кекеш Момбаевадан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы бир кылымды карыткан чоң эненин азыркы абалын, эмгек жолу, жашоо-шарты, мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан социалдык жардамдардын жеткиликтүүлүгү боюнча сурап, көмөк көрсөтүү иштери уланаарын кошумчалады.

Аны менен бирге өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, жаштыгы согуштун кыйынчылыктары менен коштогон улгайган жарандардын муктаждыктарына ар дайым жардам көрсөтүп баруу керектигин айтты. Өкүл 100 жашты аркалаган чоң энеге ден соолук каалады.

Кекеш Момбаева 1920-жылы туулган. Жаштык кези согуш апаатына туш келип, талаачылык жумуштарында эмгектенген. 7 баланы тарбиялап, азыркы учурда 40тан ашуун небере, 50гө жакын чеберенин чоң эне-тайэнеси.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жалпы 100 жаштан ашкан 5 улгайган жаран бар.

Пикир

Оставить комментарий