• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көлбаев атындагы тоннель 2,5 саатка жабылган. ӨКМден себебин түшүндүрүштү

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Кечээ, 22-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К. Көлбаев атындагы тоннелде оор жүк ташуучу унаалар үчүн жол 2 тараптуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдыр министрлигинин маалыматында, аталган тоннелдин ичинде бир МAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа бузулуп калган.

«Ага байланыштуу саат 00:50дөн тартып тоннель оор жүк ташуучу унаалар үчүн 2 тараптуу жабылган. Жерине 3 куткаруучу жана №9 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, унааны тоннелден чыгарып беришкен. Тоннель саат 02:30да толугу менен ачылган», - деп кошумчалашты КМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий