• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көлбаев атындагы тоннелде желдеткич системасы тазаланды

Коом 0

Бишкек, 26-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек- Ош унаа жолундагы Кусеин Карасаев атындагы түннелдин желдеткич системасын тазалоо иштери соңуна чыкты деп билдирет Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик унаа жолдору дирекциясы учурда жер астындагы сууларды алуу боюнча дренаж иштерин өткөрүү, жарыктандырууларды алмаштыруу, тоннелдин дубалдарын тазалоо иштерин аткарып жатат. Аталган иштерди 27-июлга чейин бүтүрүү пландалган.

Эскерте кетсек, тоннелдеги оңдоо иштери июль айынын ортосунда башталган. Буга ылайык, андагы унаалардын өтүшүнө эртең мененки 7ден 9га чейин кечкисин 00ден түнкү 2 ге чейин убактылуу чектөө киргизилген болчу.

Пикир

Оставить комментарий