• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкүлчүлүк: Баткен облусунда абал туруктуу, түн тынч өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-апрелине карата Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал туруктуу, түн тынч өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда күч структуралары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Ал эми облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана УКМК төрагасынын орун басары Айбек Шаменов Лейлек районунда өз иштерин алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий