• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкүлчүлүк: Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 06.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-март күнү саат 12.50лөр чамасында Өзбекстан Республикасы менен чектеш жайгашкан Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылынын Кайрак жерлигинде,демаркация боло элек чек ара тилкесинде Өзбекстандын жарандары трактор менен жер айдоо иштерин баштаган.

Бул боюнча Сай айылынын 20-25 тургуну чогулуп, аталган жерге барып,өзбек жарандарын жумушту токтотууну талап кылуу аракетин жүргүзүшкөн.

"Сай айылынын эли менен айыл башчы жана КР УКМК чек ара кызматынын 2023-аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, штаб башчысы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында эл тараган. Бул боюнча Сай айылынын башчысы жана чек арачылар, Өзбекстан Республикасынын Сох районунун тийиштүү аймактагы чек ара өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий