• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкүлчүлүк: Баткен облусунун шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуулар катталган жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуулар катталган жок, - деп билдирет өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облуста коомдук саясий абал тынч, шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Добуш сатып алуу, админстративдик ресурс сыяктуу мыйзам бузуулар, кемчиликтер катталган жок.

"Коомдук тартип милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Күндүн экинчи жарымында облуста шайлоочулардын активдүүлүгү байкалды. Азыркы учурда да шайлоо тилкелеринде шайлоочулар арбын", - деп айтылат маалыматта.

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткендеги өкүлү Алишер Колдошовдун берген маалыматына ылайык, саат 18.00гө карата шайлоочулардын 34%ы шайлоого катышты. Тактап айтканда, 100 миң 906 шайлоочу добуш берди.

Облуста шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 264тү түзөт. Ал эми шайлоо тилкелеринин саны 217.

Пикир

Оставить комментарий