• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкүлчүлүк: Чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдар жасалууда

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, эки тарап тең бир-бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат.

Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүштү.

Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок.

Пикир

Оставить комментарий