• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо тууралуу экинчи резолюцияны колдоду

Дүйнө 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампты козголоңго шыкакчы болууга айыптаган экинчи резолюцияны колдоду. Документти 232 конгрессмен колдоп, 197си каршы добуш беришти.

Резолюцияны колдогондордун арасында 10 республикачы да бар. Бул АКШ тарыхында президентке каршы айыптоолорду анын өз партиясынын мынча көп мүчөсү колдогон алгачкы учур. Мурдагы рекорд Билл Клинтонго таандык — 1998-жылы ага карата жалган көрсөтмө берүү айыбын Демократиялык партиянын беш мүчөсү колдогон.

«Бүгүн Өкүлдөр палатасындагы эки партиянын өкүлдөрү тең эч ким, анын ичинде президент да мыйзамдан жогору эмес экенин ачык көрсөтүштү. Дональд Трамп биздин өлкөбүз үчүн ачык эле коркунуч жаратууда, ошондуктан биз кезектеги жолу АКШнын Конституциясын коргоо жөнүндө берген антыбызга бекем турдук», — деди Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси резолюцияга кол коюу учурунда.

Трамп Конгресстин төмөнкү палатасы эки жолу импичмент жарыялаган АКШ тарыхындагы алгачкы президент болуп калды. Эми аны кызматтан кетирүү маселеси боюнча Сенат (жогорку палата) добуш берип, палата мүчөлөрүнүн үчтөн экиси айыптоолорду колдошу керек. Бирок азырынча Трамптын кызматтагы мөөнөтү аяктаганча Сенат отурумга чогула алабы-жокпу белгисиз. Сенаторлор 19-январга чейин эс алууда, жаңы шайланган президент Жо Байдендин ант берүү аземи болсо 20-январга белгиленген. Буга чейин Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл палатанын чукул жыйынын чакыруудан баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий