• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Көлмө конушунда фельдшердик-акушердик пункт курулат

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Биринчи май районунун акимчилиги жаңы конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча кайрымдуулук уюмдары менен иш алып барууну улантууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, күн мурун Биринчи май районундагы Көлмө жаңы конушунда фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП) куруу боюнча келишимге райондун башчысы Максатбек Сазыкулов жана «Ассанабилл» коомдук кайрымдуулук фондунун директору Абделкарим Али М. кол койгон.

"Келишим боюнча подрядчы «Арч СС» ЖЧКсы тарабынан Максат көчөсү, 40а дарегине аянты 150 чарчы метрди түзгөн ФАП курулат, 6 айдын ичинде курулушту бүтүрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Кайрымдуулук фонду тарабынан 2 млн 700 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий