• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көлмөлөр – балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коопсуздук туудурган нерсе

Өкмөт 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Ачык турган көлмөлөр – бул балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коопсуздук туудурган нерсе. Муну ар бир ата-эне эсте тутуусу зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 20-июлда, сууда коопсуздук эрежелерин сактоо маселеси боюнча жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жайкы каникулдардын башталышы менен жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүү учурлары көп катталууда. Көбүнэсе балдардын жана өспүрүмдөрдүн кырсыкка кабылуусунун себеби катары тийиштүү эмес жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүүлөрдүн жоктугу, сууда жүрүүнүн элементардык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы жана ата-энелердин балдарга көңүл бурбагандыгы болуп саналат», - деп белгиледи ал.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте сууда жүрүү коопсуздугу эрежелерин сактоо жана жайкы каникул учурунда ата-энелер тараптан балдарды көзөмөлдөө зарылдыгы тууралуу тийиштүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

«Маалыматтык-түшүндүрүү иштерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, квартальныйлар, турак-жай комитеттери жанажарандык активисттер тартылат. Буга катар телеберүү жана радио аркылуу тематикалык сюжеттер жана эфирлер чыгарылып, уюлдук байланыш абоненттерине балдарды көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу эскерткен билдирүүлөр таркатылат. Кооптуу дайралардын жана көлмөлөрдүн боюнда өмүргө коопсуздук келтире тургандыгы тууралуу атайы эскерткичтерди орнотуу зарыл. Биз иш-аракеттирибизди биргеликте алып барып, кырсыктардын санын азайтууга аракеттенүүбүз керек», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча калк арасында суудагы коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгы туралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий