• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күлсайра апа 88 жашында көз айнексиз курак курайт

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 08.11.17 /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылынын тургуну, Баатыр эне Күлсайра Сулайманова быйыл 88 жашка чыгат. Бирок улгайганына карабай келиндерине үй ишинде жардам берип, неберелерин каралашканы аз келгенсип, курак курап төшөк жасап, балдарынын себин даярдайт.

Апанын жеке өзүнүн иштөөчү бөлмөсү, тигүүчү машинасы жана башка баардык керектүү жабдыктары бар. Куракка керектүү кездемелерди базардан өзү алып келет да, түрлөп төшөк жасайт. Анын айтымында, курагынын кооздугун неберелери сынайт. Кокус жакпай кала турган болсо, ал түр курагын экинчи жасабайт. Айта кетчү нерсе апа майда, тактыкты талап кылган бул ишин көз айнексиз эле жайгарат.

Күлсайра апа Совет заманында кызылчада иштеп “Социалистик эмгектин баатыры” болгон. Анын айтымында, күндүз кызылчада иштеп келип, кечинде камыр ачытып коюп түнү менен курак курачу. Кийин СССРдин Жогорку советинин 2 жолку, Кыргызстандын бир жолку депутаты болуп шайланган. Ошондо Москвага чогулушка эртең менен учуп барып, кечинде кайра үй-бүлөсүнө келип калганга жетишчү экен.

Баатыр эне элинин тагдырына кайдыгер карап отура албай, президентке барып карапайым элдин маселесин айтып, кеп-кеңешин берейин деп чечкен. “Союз заманында тынбай иштечүбүз, анан баарыбызга бирдей шарт түзүлгөн теңдик заман болчу. Жада калса чоң кызматтагы башчыларга эч кыйынчылыксыз эле маселебизди айтып кире берчүбүз. Азыр андай болбой калыптыр. Мен да элет элинин маселесин айтып, карылык милдетимди аткарып акыл-насаатымды бийликтегилерге айтайын дедим эле. Бирок, эч эле кире албай жүрөм”,- деп ой бөлүштү.

Албетте карысы бардын ырысы бар демекчи, мекенибизге чоң эмгеги сиңген ардактуу апабыздын элине болгон тилеги, батасы кабыл болсо дейбиз.

Азыр Күлсайра апа 33 небере, 34 чөбөрөлүү болду. Келечекке максаты - ошол чүрөктөрүнүн тоюна төшөк жасап, жакшылыктарына күбө болуу экенин айткан эне колго тигүүчү машинасын зыпылдата айдап, кол өнөрчүлүгүн улантып отурду.

Пикир

Оставить комментарий