• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көмөкчү мектептердин мугалимдери сыйланды. Сүрөт

Билим 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан көмөкчү мектептердин мугалимдерин сыйлады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова мугалимдердин жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалап, аларга Ардак грамота жана “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилерин тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген беш миңдей баланы окуткан 32 адистештирилген билим берүү уюмдары бар.

Пикир

Оставить комментарий