• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күмөндүү акциздик маркалары бар 24 миңден ашык спирт ичимдиктери аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери республика боюнча рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө үч күндүн ичинде күмөндүү акциздик маркалар менен 24 миң 396 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен Бишкек шаарында 4 миң 551 бөтөлкө тартып алынса, Ысык-Көл облусунда – 7 миң 414 бөтөлкө, Жалал-Абад облусунда – 2 миң 692, Чүй облусунда – 2 миң 555, Ош облусунда – 2 миң 403, Баткен облусунда – 2 миң 249, Ош шаарында – 1 миң 934, Нарын облусунда – 368 жана Талас облусунда – 230 бөтөлкө тартып алынган.

Салык кызматы акцизделүүчү контрафакттык товарларды аныктоо боюнча туруктуу негизде иш жүргүзүүдө, анын ичинде соода-базар комплекстеринде, супер маркеттерде, базарларда, чакан жана ири дүкөндөрдө ж.б. жүргүзүлүүдө. Тартып алынган товарлар жана алар боюнча материалдар Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына экспертиза жүргүзүү жана корутунду чыгаруу үчүн, ошондой укук коргоо органдарына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет.

Ошондой эле, эске сала кетсек, жарандар салык кызматынын сайты аркылуу өз алдынча алкоголдук жана тамеки продукцияларына чапталган акциздик маркалардын аныктыгын текшере алышат. Бул үчүн www.sti.gov.kg сайтынын “Электрондук сервистер” бөлүмүнө кирүү керек, ал жерде “Акциздик маркаларды издөө” функциясы иштейт.

Алсак, акциздик марканын түрүн, көлөмүн жана номерин көргөзгөн учурда импорттоочу чарбалык субъектинин же акциздик марканы алган акцизделүүчү продукцияны өндүрүүчүнүн аталышы жана ИСНи, ошондой эле акциздик марканын берилген күнү жөнүндө маалымат берилет.

"Акциздик марка жасалмаланган болсо же тура эмес номер киргизилсе, система "Суралып жаткан акциздик марка берилген эмес" деген билдирүү берет. Жасалма акциздик маркалар табылган учурда жарандарды Салык кызматынын 194 номери боюнча маалымат борборуна же info@sti.gov.kg электрондук дарегине кайрылуусун суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий