• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Көмүр баасынын өсө баштаганы, аткаруу бийлигинин кышка даярдыгы элди түйшөлтүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Эки апта шайлоочулар менен жолугушуп келген эл өкүлдөрү бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеште аймактардагы кышка даярдык боюнча Өкмөттүн астына маселе койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бир апта мурун жалпыга маалымдоо каражаттарында Казакстан көмүрүн экспорттоосун кыскарта тургандыгы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу айткан депутат Кожобек Рыспаев КР Өкмөтү күзгү-кышкы мезгилге аткаруу бийлигинин даярдыгы боюнча маалымат бере электигин белгилеп, кышка даярдык үчүн ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын билдирди.

Күз ортолоп, күн сууктай баштаганы жер-жерлерде электр энергиясынын трансформаторлору бузулууда. “Ошэлектро” ишканасынын жетекчилиги ишкана кампасында трансформаторлорго тиешелүү тетиктер болсо дагы, баардык маселелерди жогору жактагылар чечет деген жүйө менен тетиктерди бербей жатат. Депутат Улукбек Ормонов мындай билдирүү менен чыгып, күн көйгөйүнө тиешелүү министрликтин көңүлүн бурду.

Суук тарта баштаганы көмүрдүн баасы өсө баштады. Депутат Төрөбай Зулпукаров мындай маселени козгоп, айрым аймактарда көмүрдүн бир килограммы 10 сомго чыкканын маалымдады. Жагдайга байланыштуу тармактык комитетке жана башка тиешелүү мекемелерге протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылды.

Депутат Сайдулла Нышанов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Үңкүр дарыясынын боюндагы Арал, Сейдикум айылдарынын бир топ жерин жазындагы кирген суу жеп кеткенин айтты. Эл өкүлү дарыянын жээгиндеги дамбаларды курууну тездетпесе келерки жазда суу кирсе айыл тургундарынын үйлөрүнө коркунуч жараларын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий