• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Көмүр, унаалар: Бишкекте абанын булганышына себеп болгон факторлор

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Абанын булганышына унаалар, көмүрдүн жагылышы, таштанды жайы жана Бишкек ЖЭБи себеп болууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы Аязбек Кыдыргычев билдирди.

Ал белгилегендей, абанын булганыш маселеси Совет мезгилинде да болгон.

"Учурда абаны булганышынын себеби – унаалардын көбөйүшү, кыш мезгилинде жаңы конуштарда көмүрдүн жагылышы, Бишкек ЖЭБи жана Бишкектин таштанды жайы. Бирок, Бишкек ЖЭБи модернизациялангандан кийин абаны булгаган заттардын чыгышы азайды", - деди ал.

Ошондой эле ал айрым жарандар абага зыяндуу заттарды чыгарган дөңгөлөк жана башка заттарды жагып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий