• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көмүрдүн баасы аймактарда канчадан сатылууда? Статкомдун эсептөөсү

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-январына карата көмүрдүн орточо керектөө баалары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу республика боюнча орточо алганда бир тонна үчүн 74,25 сомго же 1,6 пайызга жогорулады.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилди.

Көмүрдүн эң жогорку орточо баалары Исфана (бир тонна үчүн – 8 000 сом), Ноокат (бир тонна үчүн - 7 846,01 сом) жана Баткен (бир тонна үчүн - 7 318,61 сом) шаарларында катталды. Ошол эле убакта минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн - 3 500 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалардын бир кыйла өсүшү мурунку айга салыштырмалуу Исфана шаарында - тоннасы 1 385,62 сомго же 20,9 пайызга, Кербен шаарында - тоннасы 917 сомго же 24,5 пайызга жана Баткен шаарында - тоннасы 330,54 сомго же 4,7 пайызга белгиленди.

Ал эми Токтогул шаарында бир тонна үчүн көмүрдүн баасы 370,20 сомго же 7,8 пайызга, Жалал-Абад шаарында – 138,71 сомго же 2,6 пайызга төмөндөдү.

Пикир

Оставить комментарий