• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көмүрдүн баасы көзөмөлдө. Жалал-Абадда кышка даярдык иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек. 27.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда көмүр сатуу түйүндөрүн уюштуруу, баага болгон көзөмөлдү сактоо жумуштары улантылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча сегиз айдын ичинде карьерлерден 132 миң тоннадан ашуун көмүр өндүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата аймактарда 180 сатуу түйүндөрү иштеп жатат. Аларда көмүрдүн баасы сапатына ылайык 5 сомдон, 7 сомго чейин сатылууда. Социалдык объектилерден саламаттыкты сактоо тармагында 80 пайызга, билим берүү жаатында 48 пайыздан ашуун кышка карата даярдык көрүлдү. Ал эми калкка көмүр камдоо 43 пайызды түздү.

Күз-кыш мезгилине облус боюнча жалпы 222 миң тонна көмүр керектелет. Беш район-шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелерине көмүр ташуу иштери толук аткарылды. Учурда Жалал-Абад облусунда көмүргө болгон баанын жогорулашы жана тартыштыгы жок.

Пикир

Оставить комментарий