• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 0,6 пайызга төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 9-январына карата көмүрдүн орточо чекене баалары 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу бир тонна үчүн 25,14 сомго же 0,6 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-январына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары Ноокат шаарында (бир тонна – 7 532,55 сом) жана Баткен шаарында (бир тонна - 7 318,61 сом) катталды. Ошону менен бирге айрым калктуу конуштарда көмурдүн баасы өзгөрүүсүз сакталып калды.

Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчы шаарында (бир тонна – 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна – 3 500 сом) жана Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом) байкалды.

Муну менен бирге, көмүрдүн чекене баасы эң көп өлчөмдө Өзгөндө – тоннасы 402,69 сомго, же 8,1 пайызга жана Таласта – тоннасы 215,71 сомго, же 4,2 пайызга жогорулады. Ушуну менен катар, Баткен шаарында бир тонна – 489,31 сомго же 6,3 пайызга жана Токтогул шаарында – 187,51 сомго же 3,9 пайызга төмөндөгөнү байкалды.

Кыргызстандын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалары:

2019-ж. декабрына

2020-ж.9-январына

Кыргыз Республикасы

4 544,94

4 519,80

-25,14

Каракол шаары

5 556,98

5 594,55

37,57

Балыкчы шаары

3 694,59

3 694,59

0,00

Кербен шаары

4 647,58

4 647,58

0,00

Токтогул шаары

4 750,00

4 562,49

-187,51

Жалал-Абад шаары

5 306,91

5 306,91

0,00

Чаек айылы Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

Нарын шаары

3 500,00

3 500,00

0,00

Исфана шаары

6 387,49

6 245,00

-142,49

Баткен шаары

7 807,93

7 318,61

-489,31

Кара-Суу шаары

6 245,00

6 245,00

0,00

Ноокат шаары

7 429,74

7 532,55

102,81

Өзгөн шаары

4 983,28

5 385,97

402,69

Покровка айылы Манас району

4 500,00

4 500,00

0,00

Талас шаары

5 084,29

5 300,00

215,71

Кара-Балта шаары

3 900,00

3 900,00

0,00

Токмок шаары

3 800,00

3 984,73

184,73

Бишкек шаары

3 970,68

3 971,23

0,55

Ош шаары

5 966,48

6 098,38

Пикир

Оставить комментарий