• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Күмүш Акбузат" кинофестивалы: Кыргызстандык 2 тасма сыйлык алды

Маданият 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Башкортостандын борбору Уфа шаарында өткөн "Күмүш Акбузат" эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Фестивалда кыргызстандык эки тасма сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматовго "Аврора" тасмасы үчүн "Мыкты режиссердук иш" сыйлыгы берилген. Сыйлыкты аземге катышууга келген тасманын продюсери Нурлан Анарбаев алган.

Ошондой эле Айбек Дайырбеков "Дарак ыры" тасмасы үчүн Башкортостандын Кинематографисттер бирикмесинин Малик Якшимбетов атындагы атайын сыйлыкты алган.

Фестиваль Уфа шаарында 24-27-август күндөрү болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий