• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдар министри "Росатомдун" жетекчилиги менен кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин Россия Федерациясына иш сапары “Росатом” атом энергиясы боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары, эл аралык ишмердүүлүк блогунун директору Спасский Николай Николаевич менен жолугуу менен башталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Н. Спасский министр Б. Ажикеев менен жылуу учурашып, анын министрлик кызматында биринчи иш сапарын Росатомдогу жолугушуу менен баштап жатканына ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде министр Б. Ажикеев уран казуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймакты калыбына келтирүүгө багытталган мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, аталган жолугушуунун жемиштүү болоруна ишеним артты.

Ошондой эле тараптар мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруунун жүрүшүн, атап айтканда, бардык иштер такталган графикке ылайык аткарыларын талкуулашты.

“Росатомдун” жетекчилиги КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги программаларды ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш болуп эсептелерин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар кызматташуунун жаңы багыттарын: ядердик энергетика, ядердик медицинаны талкуулашты.

Жыйынтыгында өзгөчө кырдаалда министри быйыл КР ӨКМ өзүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын айтып, Н. Спасскийди ардактуу конок катары Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий