• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы COVID-19 жана пневмониядан каза болгон кесиптештеринин жакындарына көңүл айтат

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу СOVID-19 жана пневмониядан каза болгон кесиптештеринин жакындарына көңүл айтат.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, июнь-июль айлары аралыгында илдеттен салык органдарынын 7 кызматкери кайтыш болгон.

Алар:

Салык кызматынын борбордук аппаратынын ага инспектору — Турат Имеров;

Тогуз-Торо району боюнча салык органынын бөлүм начальниги — Назгүл Керимакунова;

Октябрь району боюнча салык органынын ага инспектору — Кубатбек Асанкожоев;

Кызыл-Кыя шаары боюнча салык органынын ага инспектору — Авазбек Маманазаров;

Жайыл району боюнча салык органынын ага инспектору — Гүлзада Байгудинова;

Биринчи Май району боюнча салык органынын башкы инспектору — Элмирбек Арзыматов;

Салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары — Кенжеахун Бостонбаев.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты мезгилсиз дүйнөдөн кайткан салык кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий