• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкүнүчтүү! Кыргызстандын командасы БАЭге утулуп, чейрек финалга чыкпай калды

Спорт 0

Бишкек, 22.01.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасы менен оюн өткөрдү. Беттешти 3:2 эсебинде БАЭнин командасы утуп алды.

Оюндун 14-мүнөтүндө БАЭ тарабынан бурчтан көтөрүү орун алды. БАЭнин жарым коргоочусу Эсмаил гол киргизип эсепти ачты. 26-мүнөтүндө Исраиловдун чыгарган тобун чабуулчу Мурзаев гол жаратканга жетишти. Эсеп 1:1.

2-таймдын 64-мүнөтүндө Бириккен Араб Эмирлигинин чабуулчусу Мабхуттун тепкен тобу каршылашынын дарбазасынан орун алды. Кошулуп берилген убакытта 92-мүнөтүндө “Ак шумкарлардын” чабуулчусу Рустамов гол киргизип, эсепти 2:2ге айлантты.

Экстра таймдын 103-мүнөтүндө талаанын ээсинин пайдасына 11 метрлик аралыктан айып соккусу белгиленди. Соккуну Халил ишке ашырып, эсепти 3:2ге өзгөрттү.

Пикир

Оставить комментарий