• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күн электр станциясын куруу долбоорун каржылоону уюштуруу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. 2022 жылдын 26-27-майында Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Кыргызстанда 300 МВт күн электр станциясын курууга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун (мындан ары - МЖӨ) биринчи баскычын каржылоо боюнча төрт тараптуу кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

МЖӨ долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Мамлекеттик өнөктөш» катары иш алып барат.

МЖӨ долбоору энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде электр энергиясын өндүрүү тармагындагы өлкөдөгү биринчи ири долбоор болуп саналат.

Күн электр станциясынын биринчи этабынын кубаттуулугу жылына 90 млн кВт/сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгуу менен 50 МВт түзөт, долбоорду андан ары 300 МВтка чейин кеңейтүү менен жылына 540 млн кВт/сааттан ашык иштеп чыгат.

МЖӨ долбоору Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылат, ал аймакты экологиялык жактан таза булактардан электр энергиясынын зарыл болгон кошумча көлөмү менен камсыздайт, бул өлкөнүн экологиялык жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Кол коюлган төрт тараптуу макулдашуунун негизинде Евразия өнүктүрүү банкы МЖӨ долбоорунун биринчи баскычын ишке ашыруу үчүн 40 миллион долларга чейин алдын ала каражат бөлөт.

Башкы подрядчы болуп энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген казакстандык инжинериялык «ТехноГруппСервис» ЖЧШ компаниясы болмокчу.

МЖӨ долбоору боюнча макулдашууга кол коюу аземине министрлер кабинетинин ьөрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, бул макулдашууга кол коюунун маанилүүлүгүн белгилеп, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузовго «жашыл» энергетиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди, жана өнөктөштөргө инвестициялык долбоорду практикалык ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

«Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча дымактуу максаттарды коюп жатат, аларга жетишүү өлкөнүн 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча милдеттенмелерин аткарууга өбөлгө түзөт. Улуттук аныкталган салымдардын алкагында Кыргыз Республикасында эмиссияларды кыскартуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча комплекстүү иш-чаралык планы бар жана бул МЖӨ долбоору экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүү жаатындагы биринчи ири долбоор болуп саналат”, - деп Кутманова.

Пикир

Оставить комментарий