• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күн күркүрөп, тоолорго кар түшөт! ӨКМ аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 3-4-июнунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө.

Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетүүсү күтүлүүдө

Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма жер-жерлерге жөнөтүлгөн.

Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу өлкө жарандарына СМС билдирүүлөр жана телеканалдарда жү-гүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий