• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күн качан жылыйт? 13-мартка чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 8-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-март күндөрү түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 9-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда каттуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

10-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 13-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-мартта күндүз жана 14-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы акырындык менен жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий