• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күн карама майынын баасы бир жыл ичинде 1,6 эсеге жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Күн карама менен пахта майынын чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 1,6 эсеге жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Республиканын 18 калктуу конушу боюнча күн карама жана пахта майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторинг жүргүзүлгөн.

2021-жылдын 18-мартына карата абалы боюнча күн карама майына болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 164,78 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөнүн көрсөттү, ал эми пахта майынын баасы 153,17 сомду түздү жана 1,5 эсеге өстү.

Ошол эле учурда күн карама майынын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Нарын (бир кг үчүн 168,38 сом), Бишкек (бир кг үчүн 167,42 сом), Каракол (бир кг үчүн 167,37 сом), Ош (бир кг үчүн 166,62 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 165,55 сом), Токмок (бир кг үчүн 165,30 сом) шаарларында түзүлдү.

Ал эми минималдуу баалар Өзгөн (бир кг үчүн 147,27 сом), Кара-Балта (бир кг үчүн 147,81 сом), Кербен жана Ноокат (бир кг үчүн 152,17 сом) шаарларында катталды.

Күн карама майынын бааларынын эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Чаек айылында жана Токтогул, Жалал-Абад, Каракол, Токмок шаарларында 1,8 эсеге өскөнү катталды.

Чаек айылында (бир кг үчүн 167,27 сом), Токмок (бир кг үчүн 157,59 сом), Бишкек (бир кг үчүн 156,22 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 155,32 сом), Исфана (бир кг үчүн 154,06 сом) шаарларында пахта майынын болгон чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты. Ал эми минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 95,00 сом), Талас (бир кг үчүн 133,64 сом), Баткен (бир кг үчүн 136,42 сом), Өзгөн (бир кг үчүн 136,68 сом) шаарларында жана Покровка айылында (бир кг үчүн 136,89 сом) байкалды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу пахта майынын бааларынын максималдуу өсүшү Чаек айылында жана Покровка айылында алар 1,7 эсеге өскөнү катталып, ошондой эле Жалал-Абад, Токтогул, Токмок, Исфана шаарларында 1,6 эсеге жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий