• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Күн катуу ысыйт: Өлкө аймагында 30-июлга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору аба ырайына абйланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 27-29-июль күндөрү жана 1-3-августарда 37-39 градуска чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 27-июлдан 3-августка чейин 39-41 гралдуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Эртең, 26-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 27-июлда күндүз жана 28 июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 1-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

Талас, Лейлек, Аксы жана Токтогул райондорунун токойлорунда жакынкы күндөрдө өрттүн жогору коркунучу сакталып турат.

26-30-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба ырайы;

26-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. 27-июлда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 27-июлда күндүз, 28-29-июлда жана 30-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Каракол шаарында 26-июлда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-июлда күндүз, 27-29-30-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/етрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий