• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күнүнө 12 тонна буудай тазаланат. Ноокенде агрегат-машина ишке кирди

Аймак 0


Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда дан эгиндерди тазалоочу жаңы агрегат-машина ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал күнүнө 12 тонна буудай менен башка дан эгиндерин да тазалоого жарамдуу.

Учурда бул агрегат-машина алынып келип, Ноокен айылында өстүрүлүп жыйналган "Кылым (Аср)" жана "Доор (Давр)" сортундагы буудайларды тазалоодо.

Жаңы машина-агрегатты Россия Федерациясынын Воронеж шаарынан жеке ишкер Мирказим Халматов сатып алган. Ал 1995-жылдан бери тегирмен иштетип келет. Райондогу дыйкандар буудайын ун кылууга дал ушул тегирменге кайрылышат.

Тегирменде 8 киши эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий