• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Күнүнө 70-80 адам келип турган. Жалал-Абадда компьютердик оюн клубдарына жамынган казино ашкереленди

Аймак 0


Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эки жашыруун оюн жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-февралында УКМК КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү ("Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз уюштурулган көмүскө кумар оюндары аныкталып ага бөгөт коюлду.

Такталган боюнча, КРнын жарандарынын тобу компьютердик оюн клубдарына жамынып, бош убактысын өткөрүү үчүн мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурушкан. Көрсөтүлгөн мекемеге күн сайын 70-80ге чейин адам келип турган

2022-жылдын 15-февралында КР УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында уюштуруучу К.А.К., жана администраторлор Т.к А., жана У.А.А., жана ошондой эле аталган мекемеге кумар оюндарын өткөрүүгө келген 30 адам кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий