• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күн сайын ичип, чыр чыгара берген. Ошто агасы инисинин бутуна бычак сайып өлтүрүп алган

Кырсык 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Ош шаарында инисин өлтүрүүгө шектелип агасы кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына бүгүн, 21-сентябрда саат 07:00дөр чамасында Манас-Ата кичирайонунан маалымат келип түшкөн. Анда бир туугандар ортосунда чыр чыгып, натыйжада бир тууган агасы өз инисин бычактап койгондугу тууралуу айтылган.

Алгачкы тергөөнүн маалыматына ылайык, Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйдө чогуу жашаган жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 31 жаштагы М.Ө. өзүнүн бир тууган инисинин санына бычак сайып салган. Жабырлануучу, 28 жаштагы М.Д. аттуу анын иниси көп кан жоготкондугуна байланыштуу окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда окуя болгон жерде Ош шаардык милициясынын ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Шектүү берген көрсөтмөсүндө каза болгон иниси күн сайын ичип, үйдө чыр чыгара берген. Ошондой эле апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен, ачууга алдырып ушул ишке баргандыгын айткан. М.Ө. кармалып, тергөө кызматына алынып келинди.

Аталган факты боюнча тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий