• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күн ысыса коронавирус жукпай калат деп ойлоо туура эмес − Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Күн ысыса коронавирус жукпай калат деп ойлоо туура эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага “күндүн ысышы коронавируска кандайдыр бир таасир этеби?” деген суроо узатылды.

“Бул жерде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чыгарган тыянактарга таянып айтсак туура болор, аба ырайы ысык экенине карабай коронавирусту жуктуруп алууга болот. Климаты ысык мамлекеттер да аларда коронавирус жуктурган учурлар бар экенин билдирип жатат. Ошондуктан сыртта күн ысык, биз коронавирус жуктуруп албайбыз деп ойлоо туура эмес. Беткап тагынып, аралыкты сактоого, жеке гигиенага көңүл бурууга чакырам. Бетин кармалаган адамдарды көп көрөбүз, ооз-мурунду, көздү, жалпы эле бетти кармаганга болбойт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий