• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күндө майрам, күндө той. Ырчылар тойдон канча акча табат?

Коом 0

Мына көз ачып жумганча күз мезгили келип калды. Эми алты айдан бери тынчтык көрбөй, баш көтөрбөй иштеген эмгегибиздин акыбети кайта турган учуру келди окшойт. Дегиче болбой, күркүрөгөн күз менен кошо күтүрөп тойлор башталды. Бүтүндөй кыргыз эли күздү эле күтүп турганбы, айтор тойдон кол бошобос болду көрүнөт. Тойлорго эстрада ырчыларын чакыруу модага айланып бара жаткансыйт. Атаандаштыктанбы же мактануунун жолубу айтор Эшмат эки ырчы чакырса, Ташмат төрт ырчы чакырып, тоюн “шаңдуу” өткөрүүдө. Ырчыларга суроо талап көбөйгөн сайын, алар үчүн түшүмдүү “сезон” башталат. Тойдо кайсы ырчы канча акча табары көпчүлүккө кызык.

Алсак, белгилүү ырчы Айпери Кубик кызы тойлорго чакырууларды байма-бай алып турат. Күн сайын 3-4 тойго ырдап, ар биринен 100 доллардан жогору киреше табат. Бирок бул сумма жердин алыстыгына жана тойдун түрүнө жараша өзгөрүп турат. Мисалы, үйлөнүү той же кыз узатуунун өзүнүн орнотулган баасы болот. Анын көлөмүн Айпери айым сыр бойдон калтырууну туура көрдү. Жердин алыстыгына жараша да сандар орун которот. Мисалга алсак, Бишкектен тышкары Ош, Таласка чакыруу үчүн албетте мындан бир кыйла жогору акы төлөш керек болот. Чакырган жерден калба демекчи, Айпери айым убактысы болсо, тойлордон калбай турганын белгилеп кетти.

Ал эми ырчы Самара Каримова үчүн бул жыл өзгөчө түшүмдүү болду. Анын айтымында, концертке караганда тойлордо ырдап көп каражат табууга болот. Кызматынын баасын кардарлар менен сүйлөшүп чечишип алат. Кыргыз эли тойго бай эл болгондуктан чакыруулар өлкөбүздүн ар бурчунан келип турат. Самара айым тойго барганда той ээси канча ыр суранса, ошончо ырдап берээрин белгиледи. Жана ошондой эле өзүнүн бийчилер тобу менен конокторго мыкты шоу программа тартуулап берет экен. Анын айтымында, тойдон көп акча табат жана аны жаңы клиптерди, ырларды жаздырууга жумшайт. Эгер Самара Каримованы тоюңузга чакыргыңыз келсе, аны кеминде бир ай мурун пландап, кезекке жазылып коюңуз абзел. Анткени эл артистинин графиги дал ушул мезгилге чейин толуп калган болот.

Жаш ырчы Данияр Эрматов дагы элден калбай күнүнө 4-5 тойго катышат экен. Бирок чакыруулар көп болгондо күнүнө 10 тойго чейин ырдаган күндөрү болот. Ар бир тойдо 200дөн 1000 долларга чейин табат. Анын айтымында, күз айлары өзгөчө түшүмдүү болуп, бир күн дагы бошобой калат экен. Негизги кирешесин түзгөн тойлордун бирине калбай барууга аракет жасаарын белгиледи.

Калың журтка атагы чыккан Non-Stop дуети да тойго чакырууларды байма-бай алып турат. Кызматынын баасы иш чаранын өткөрүлүүчү жерине, көлөмүнө жана башка факторлорго карата өзгөрүп турат. Алардын пикиринде, артист популярдуу болсо күзбү, жайбы суроо-талап ар дайым болуп турат.

Даярдаган Айсулу Кабылбекова

Пикир

Оставить комментарий