• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" тарабынан 22,7 миң адам окуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" тарабынан 4 жыл ичинде 22 миң 794 адам окуудан өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Самаган Асанов билдирди.

Анын айтымында, калктын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, кыска убакыттын ичинде жумушчуларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу максатында 2020-жылдын 13-ноябрында өкмөттүн токтому чыккан.

"Анда министрликтин алдында "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" түзүлгөн. Юридикалык жактан алганда ал фонд эмес, мекеме. Аталган мекеме өзү 2016-жылы түзүлгөн, 2021-жылдын январь айынан баштап Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мекеме болуп саналат. Фонд тарабынан 4 жыл ичинде 22 миң 794 адам, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 780 жаран окуудан өткөн", - дейт ал.

Асанов белгилегендей, IT-технологиялар, айыл чарба, энергетика, тамак-аш, жеңил өнөр жай, тоо-кен, транспорт тармагы боюнча кыска мөөнөттүү курстар уюштурулган.

"Окуунун узактыгы 1 айдан 6 айга чейин созулат. Толук окуу курсу үчүн акынын наркы 3 миңден 7 миң сомго чейин. Бирок жумуш берүүчү, инвестициялык долбоордон же мамлекеттик мекеме тарабынан буйрутма берилген учурда студенттер акысыз окуйт. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык жактан камсыздалган жарандар бекер окушат. "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун" өзгөчөлүгү 16 жаштан 63 жашка чейинки жарандар курска жазылуу үчүн арыздарын тапшыра алат", - деди министрдин орун басары.

"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" тууралуу маалыматты frn.kesip.kg сайтынан жана Соцөнүктүрүү министрлигинин расмий баракчаларынан алса болот.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-январына карата жалпы жумушсуз жарандардын ичинен иш менен камсыз кылуу кызматына 98 миң 700 адам каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий